Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

RUSI: жаңыланган "вагнерчилер" Африка менен Жакынкы Чыгышта Москванын таасирин күчөтүүдө


Вагнер жеке аскердик компаниясына арналган стелла. Новосибирск, 2023-жыл
Вагнер жеке аскердик компаниясына арналган стелла. Новосибирск, 2023-жыл

Орусия өз таасирин жайылтуу, атаандаштарын дестабилдиштирүү жана талкалоо үчүн салттуу эмес ыкмаларды пайдаланып жатат. Анын ичинде "Вагнер" жеке аскердик компаниясын ребрендинг кылууда. Бул тууралуу Лондондогу Падышалык биргелешкен күчтөр институту (RUSI) 20-февралда чыгарган докладда айтылат.

Анда белгиленгендей, Батыш Орусияны экономикалык обочодо калтыруу аракетин көргөн кезде президент Владимир Путин санкциялардан коргонуу үчүн Африка жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштарды өнүктүрүүнү көздөйт.

RUSI Евгений Пригожин былтыр жайда Путинге каршы кыска козголоңду баштап чыккандан кийин ыдырай баштаган "Вагнер" тобу Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын карамагына өткөнүн, Африка жана Жакынкы Чыгышта ошол аскердик компаниянын ролун аткарып, атүгүл кеңейтип жатканын жазат.

Пригожин өткөн жылы 23-августта командирлеринин бири Дмитрий Уткин менен кошо Тверь облусунда учак кулаганда каза болгон.

Докладда айтылгандай, Чеченстанын лидери Рамзан Кадыровду Европадагы, Жакынкы Чыгыштагы чечендер жана мусулмандар арасында Москванын таасирин арттыруу, муну менен Батыштын кызыкчылыктарына залака тийгизүү үчүн пайдаланышууда.

Айрым мамлекеттердин Орусияга каршы санкцияларга кошулбай койгону кайсы бир деңгээлде Кадыровдун “дипломатиялык аракеттеринин натыйжасы” деп санашат баяндама авторлору.

Чечен лидери Орусиянын Украинага согушун катуу колдогондордун бири.

XS
SM
MD
LG