Кандуу тизме. Кремль менен тирешип, өмүрү кыйылгандар

Орус оппозициясынын лидерлери Борис Немцов менен Алексей Навальный Москвадагы митингде, 24-декабрь, 2011-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке өзүнө, Кремлге же бийликке каршы чыккандан кийин киши колдуу болгон же күмөндүү себептерден каза тапкан орусиялыктардын тизмеси кыйла узун. Бул тизмеге 16-февралда абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальный кошулду.

Кремлдин бийлик көшөгөсүнөн тартып Чеченстандагы "өлүм талаасына" чейинки коррупцияны, кызматтык кылмыштарды жана кыянат иштерди ачыкка чыгарууга бел байлаган кайраттуу журналист...

Президент Владимир Путинге каршы тынч митингдерди жетектеген жана шайлоодогу бурмалоолорду ашкерелеп, Украинадагы орус агрессиясын айыптаган жалындуу саясатчы...

Коомдун ар кайсы катмарларынан чыккан, 1999-жылдагы жардыруулар боюнча шек саналгандан кийин гана бири-бирин тааныган кеминде дагы үч киши (бул тополоңдор экинчи чечен согушуна алып келген жана Борис Ельцин президенттик кызматын өткөрүп берип, отставкага кете электе эле мурда анча белгилүү эмес Путинди таанымал кылган)...

Алар таптакыр бири-бирине окшобогон кишилер эле. Айрым учурларда коомдук бейнелери жана адеп-ахлактык багыттары өтө айырмалангандыктан, алардын ысымын бир тизмеден көрүүнүн өзү эле оор.

Ошентип, Путинди, Кремлди же мамлекетти сындап, эл алдында оппозициячыл маанайдагы билдирүүлөрдү жасап же башка жол менен бийликке каяша кылгандыгы үчүн белгисиз жагдайда өлтүрүлгөн же каза болгон таасирдүү орусиялыктардын тизмеси өтө узун.

Алдыда бул тизме дагы да узарышы ыктымал.

Алексей Навальный

Оппозиционер саясатчы Навальный Орусиядагы мамлекеттик коррупцияга каршы чыгып, Кремлди сындаган ири нааразылык акцияларын баштап келген. Путин анын ысымын бир да жолу атаган эмес.

19 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн алыскы арктикалык аймактагы шарты катаал түрмөдө өтөп жаткан Навальный түшүнүксүз жагдайда каза болгонун Орусиянын Жаза аткаруу мекемеси 16-февралда билдирди. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдөөгө чыгып келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкону, «Тез жардам» барганына карабастан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калганы, өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатканы гана айтылды.

Бул окуя Орусияда бир айдан кийин өтө турган, Путиндин бийликте дагы алты жыл турушуна жол ачуучу кезектеги президенттик шайлоого камынып жаткан учурда болду.

Саясатчынын ишин улантарын жесири Юлия Навальная билдирди. 19-февралда ал видео кайрылуу жасап, күйөөсүн “Путин өлтүргөнүн", мындай кадамга ал эмне үчүн барганын билерин, жакында саясатчынын санаалаштары ошону ачыктай турганын, бул кылмышты аткаргандардын аты-жөнүн жарыялаарын айтты.

Күйөөсү абакта үч жыл бою кыйноого кабылганын, эми ал баштаган ишти улантуу керектигин белгилеген Навальная мындай деди:

Юлия Навальная.

«Биз согушка каршы, коррупцияга каршы, адилетсиздикке каршы күрөш боюнча ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Таза шайлоо жана сөз эркиндиги үчүн, өлкөбүздү кайра өзүбүзгө кайтарыш үчүн күрөшөлү. Мен күйөөм кыялдангандай эркин, тынч жана бактылуу Орусияда жашагым келет. Алексей экөөбүздүн балдарыбыз да ошондой Орусияда жашаса дейм. Мен Алексей кыялдангандай Орусияны сиздер менен чогуу кургум келет».

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердик менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Путин бийликке келген 24 жыл ичинде, 1999-жылдын августунан бери киши колдуу болгон же күмөн жагдайда каза тапкан белгилүү инсандардын айрымдары гана тууралуу маалыматты сунуш кылабыз.

Мында кооптуу жагдайга туш болгон учурлар камтылган жок. Мисалы, мурдагы аскердик чалгын офицери Сергей Скрипалдын тагдыры. Же Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын 2020-жылы августта өлүмгө алып келүүчү, нерв системасын шал кылуучу зат менен ууландырылышы. Навальный бул үчүн Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) жана Путиндин өзүн айыптаган.

Евгений Пригожин

Евгений Пригожин.

2023-жылы 23-августта «Вагнер» жалданма аскерлер тобунун башчысы Евгений Пригожин эң жакын кызматташтары менен учуп бараткан учак кырсыкка кабылып, баары каза болгон. Ал көптөгөн жылдар бою ишмердигин көмүскө жүргүзүп келип, кийин гана ачыкка чыккан киши. Пригожин АКШда өткөн шайлоолорго аралашкан «троллдор фабрикасынын» артында турган, согушкерлери Сириядагы жана Украинанын Бахмут шаары үчүн узакка созулган кандуу кармаштарда башкы ролду ойногон жалданма армиясынын баштоочусу болгон.

Путиндин мурдагы союздашы Пригожиндин былтыр июнь айынын соңунда «Орусиянын аскердик жетекчилигине каршы» деп аттанган козголоңу башталбай туруп аяктагандан туура эки айдан кийин өзү каза болгон. Бирок бул козголоң Путинди ыңгайсыз абалда калтырган – көптөгөн жылдардан бери калктын ишенимдүү жана күчтүү коргоочусу болуп көрүнүүгө аракет кылган президенттин алсыз, начар адам экени ашкереленген.

Сергей Юшенков

Сергей Юшенков.

2003-жылы 17-апрелде Москвада тажрыйбалуу саясатчы жана Кремлге каршы «Либеральная Россия» партиясынын лидери Сергей Юшенковду өз үйүндө атып кетишкен.

Юшенков 1999-жылы турак үйлөрдөгү бир нече жолку жардырууга Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тиешеси болушу ыктымалдыгын иликтеп чыгууга аракет кылган либералдык саясатчылардын башында турган. 300дөй адамдын өмүрү кыйылган ошол жардыруулар үчүн жоопкерчилик кийин «чечен согушкерлерине» жүктөлгөн. Москва бул террордук актынын шылтоосу менен экинчи чечен чогушун баштаган.

Анна Политковская

Анна Политковская.

2006-жылы 7-октябрда орусиялык эң белгилүү журналисттердин бири, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушунун хроникасын чогултуп келген Анна Политковскаяны өз үйүнөн атып кетишкен. Ал өлүм жазасына тартылгандай болгон.

Политковскаянын өлүмү үчүн 2014-жылы эки киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган, дагы үчөөнү узак мөөнөткө түрмөгө кесишкен. Бирок маркумдун жакындары, кесиптештери жана Батыш өлкөлөлөрү орус бийлиги чыныгы күнөөлүүлөрдү эч качан таппайт жана жазалабайт, анткени дыкат териштире келсе, мунун учугу Путиндин тегерегиндеги адамдарга же Чеченстандын Кремль колдогон жетекчилерине алып барат деген күмөн саноосун билдиришкен.

Александр Литвиненко

Александр Литвиненко.

2006-жылы 23-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери Александр Литвиненко Лондондо радиоактивдүү полоний-210 затына ууланып каза болгон. 2000-жылы ал ФСБны олигарх Борис Березовскийди өлтүрүү үчүн кол салуу уюштурган деп айыптагандан кийин Британияга качып кеткен. Кийинчерээк Литвиненко 1999-жылдагы жай тургундар жашаган үйлөрдөгү жардыруулар үчүн ФСБны күнөөлөгөн китепке авторлош болгон.

Британияда жүргүзүлгөн иликтөө Литвиненко бир нече апта мурда Лондондогу мейманканалардын биринде орусиялык Андрей Лугов жана Дмитрий Ковтун менен жолугушканда ичкен чайына полоний заты кошулганын аныктаган. Москва аларды экстрадициялоодон баш тарткан. 2017-жылы АКШ Магнитский мыйзамы боюнча экөөнү тең "кара тизмеге" киргизген.

Наталья Эстемирова

Наталья Эстемирова.

2009-жылы 16-июлда белгилүү укук коргоочу Наталья Эстемированы Чеченстандын борбору Грозныйда уурдап кетишкен. Бир нече сааттан кийин анын башына жана көкүрөгүнө ок тийген сөөгү Ингушетиядан табылган.

Эстемирова Чеченстанда адам укуктары бузулган жүздөгөн учурларды, анын ичинен адам уурдоо жана киши өлтүрүү фактыларын да иликтеген. Ал иштеген "Мемориал" укук коргоо уюму Эстемированын киши колдуу болушуна чечен күч кызматкерлеринин тиешеси бар болушу ыктымал экенин айтып чыккан.

Кийинчерээк Эстемированын өлтүрүлүшүн Чеченстандын Кремлге таянган башчысы Рамзан Кадыров уюштурган дегени үчүн "Мемориалдын" жетекчиси Олег Орловду айыпташкан. Бирок ал акыры акталган.

Сергей Магнитский

Сергей Магнитскийди акыркы сапарга узатуу.

2009-жылы 16-ноябрда орус чиновниктерин салык жаатында 230 миллион долларлык көз боёмочулук кылган болушу мүмкүн деп айыптаган адвокат Сергей Магнитский өзү түрмөгө камалып, бир жылдан соң каза тапкан. Панкреатит менен ооруган Магнитскийге тергөө абагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Укук коргоочулардын айтымында, анын камактагы шарты кыйноого тете болгон. Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңеш ал каза болор алдында катуу сабалганын айтып чыккан.

2012-жылы АКШда укук бузууларга тиешеси бар орустарга каршы деп «Магнитский актысын» кабыл алган. Бул мыйзам виза алууну чектейт жана активдерди камакка алат. Мындай чектөөнү Башка Батыш өлкөлөрү да колдошкон.

2013-жылдын июль айында Орусиянын соту Магнитский өлгөндөн кийин аны салык төлөөдөн качканы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Борис Немцов

Борис Немцовду эскерүү.

1990-жылдары саясий жылдызы жанып, бирок кийинчерээк Путиндин элдешкис каршылаштарынын бирине айланган мурдагы губернатор жана реформачыл вице-премьер-министр Борис Немцовду 2015-жылы 27-февралда Кремлдин жанындагы көпүрөдө атып өлтүрүшкөн. Немцов 55 гана жашта болчу.

Путин биринчи жолу президент болгон жылдары Немцов либерал депутат катары адилетсиз парламенттик шайлоого жана Путиндин 2012-жылы президенттик тактыга кайтып келишине каршы нааразылык акцияларын уюштуруучулардын бири болгон. Ал 2014-жылы Орусиянын Украинага жасаган агрессиясын айыптап, муну "Орусиянын бетине көө жапкан жүзү каралык, бетпактык" деп атаган.

Киши колдуу болор алдында Немцов жана анын шериктери Москванын коңшу өлкөлөрдүн биринин ишине кийлигишкени тууралуу баяндама даярдап жатышканы айтылган.