Министрлик мүлктү легалдаштыруу боюнча түшүндүрмө таратты

Иллюстрация.

Экономика жана коммерция министрлиги “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдагы “мамлекеттик кепилдиктер” боюнча түшүндүрмө таратты.

Анда бул мыйзамдын негизинде декларация тапшырган жарандардын маалыматтарын жарыялабоо, кылмыш жоопкерчилигин козгобоо жана айрым салык төлөмдөрдөн бошотуу сыяктуу кепилдиктер жазылган. Толук маалыматты бул жактан алсаңыз болот.

15-февралда президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, Кыргызстанда кирешени легалдаштыруу боюнча мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болорун эскертип, үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга катталганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 900 киши декларация тапшырып, анын ичинен 29у 1 млн сомдон төккөнүн “Азаттыкка” билдирген.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган. Жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан. Мындай сындарга президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан. (TSh)

Дагы караңыз

Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты