Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты


Бишкек.
Бишкек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Профсоюздар федерациясынын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолуккан жыйында Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу өкмөтүн сайтында жазылды.

Жыйынга катышкан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Эмгек кодексинин жаңы долбоору менен тааныштырды.

“Жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгуунун алкагында эмгек мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү. Ошол эле учурда бардык укуктар, кепилдиктер жана милдеттенмелер сакталып, тиешелүү мыйзамдарга киргизилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча Эмгек кодексинин жаңы долбоорунун толук документи кайда жарыяланганы айтыла элек.

Кыргызстанда жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн Эмгек кодекси 2004-жылы 4-августта кабыл алынган. Андан бери бир нече жолу өзгөртүү толуктоолор киргизилип келет. Азыркы кодекс 446 беренеден турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG