Президент шектүүгө билерик тагып көзөмөлдөө мыйзамына кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонууну киргизген “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Документи Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган болчу. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда юстиция министри Аяз Баетов шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет деп түшүндүргөн. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.

Баетовдун айтымында, 2022-жылы Кыргызстанда тергөөчүлөр бөгөт чарасы маселесин кароодо сотко 7407 шектүүнү камакка алуу, 500үн үй камагына жана 41ин чет жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен кое берүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Ошентип, үй камагы жана тил кат бардык өтүнүчтөрдүн 5 пайызга жетпегенин түзгөн. (TSh)

Дагы караңыз

Энергетика министри Тажикстандагы ГЭСтерди көрүп келди