Ошто "Яндекс такси" кызматына нааразы болгондор акцияга чыгышты

Ошто чогулган айдоочулар. 2024-жыл, 19-февраль.

19-февралда Ошто "Яндекс такси" кызматынын элүүдөй айдоочусу нааразычылык акциясына чыгышты. Алар кардарлар үчүн коюлган тариф арзан болгондуктан такси кызматы өзүн актабай жатканын айтышууда. Айдоочулардын сөзүнө караганда, ушул тапта Ошто "Яндекс такси" бир чакырымына 30 сомдон алынат.

Азырынча "Яндекс такси" кызматы айдоочулардын нааразычылыгы боюнча жооп бере элек.

"Яндекс.Такси" Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет, анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, "Яндекс.Такси" кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирди