Казакстандын бир катар шаарларында жарандар орусиялык саясатчы Алексей Навальныйды эскеришти. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, абактагы оппозициячыл саясатчынын каза болгону тууралуу кабардан кийин Астана, Алматы, Костанай жана Павлодарда активисттер көчөдө анын сүрөтүнүн жанына шам жандырып, гүлчамбарларды коюшту.
Эскерүү акцияларын кимдер уюштурганы тууралуу азырынча маалымат жок.
Жума күнү "Куштар" кыймылынын активисти Влад Ермольчев Орусиянын Алматыдагы башкы консулдугунун алдына барып, саясатчынын элесине гүл койгон. Колуна Навальныйдын чоң портретин кармап алган активист, саясатчынын өлүмүнө Кремлди жана Путинди күнөөлөдү.
Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.
Орусиянын ар кайсы шаарларында анын элесин урматтап көчөгө чыккан 100дөн ашуун адам кармалганын "Свобода" радиосу кабарлады. (SE)
Дагы караңыз
Он бир журналисттин иши: абактагы 30 күнКумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоору ишке кирдиӨзбек бийлигин сындаган активист Алматыда кармалды