Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоору ишке кирди


Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоор ишке киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кен казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө, экологияга, анын ичинде мөңгүлөргө тие турган терс таасирди азайтарын белгиледи.

“Биз бул долбоордун экологиялык маанисин жана экономикалык натыйжалуулугун эске алуу менен ийгиликтүү ишке ашырылышын чыдамсыздык менен күткөнбүз”, - деди ал.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер астынан казуу ыкмасы менен 115 тонна алтын алууга болот. Алтынды жер астынан казуу 2021-жылы пландалган.

Кыргызстандын бийлиги Кумтөр кенине тышкы башкарууну 2021-жылы киргизген. Ошол жылы 14,6 тонна алтын казылып, анын 4-5 тоннасын канадалык “Центерра Голд” компаниясы экспорттогон. Аталган компания кенди жарым жылдай башкаргандыктан, калган 10 тонна алтын Кыргызстанда калган. Бул алтынды сатуудан 323 миллион доллар киреше түшүп, республикалык бюджетке салык түрүндө 13,6 миллиард сом чогулган.

2022-жылы Кумтөрдөгү өндүрүштү кыргыз тарап гана көзөмөлдөп турганда 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын кирешеси 986,5 миллион долларды түзүп, 32,1 миллиард сом салык жана башка чегерүүлөрдүн түрлөрү мамлекеттик казынага чегерилген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр тогуз айда кенден 14 тонна алтын өндүрүлгөн. Кыргызстан кенди иштетүүдөн 20 миллиард 489 миллион сом алган.

XS
SM
MD
LG