Чаткалда кар күрткүдөн улам жолоочулар станцияда түнөштү

Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Чаткалдагы кар күрткүдөн улам 16-февралда жолдо калган 21 адам Кыргызгидромет кызматынын "Чапчыма" станциясына жайгаштырылды. Алардын тогузу түнөп, калгандары жолун улантып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жума күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка жолунда кар күртү пайда болгон. Мындан улам Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа (болжол менен 20 жүргүнчүсү менен) жана бир жеңил машине жолдо калганы тууралуу 112 кызматына маалымат түшкөн.

16-февралдагы кардан улам Кыргызстандын бир катар тоолуу аймактардагы жолдор убактылуу жабылган. Жолдорду тазалоо аба ырайы турукташканда улантылары маалымдалган.

Бишкек шаарына дээрлик күн бою жана кечинде кар жаап, тийиштүү кызматтар жолдорду тынымсыз тазалаганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Тазалоо иштери уланууда.

Ысык-Көл жана Нарын облустарына да калың кар түшкөнү кабарланды, азырынча бул аймактардагы жагдай тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат тарата элек. (SE)

Дагы караңыз

Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу планы бекитилдиУкраин армиясы Авдеевкадан чегиндиЭркин Орусияны эңсеген Навальныйдын жолу