Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Украин армиясы Авдеевкадан чегинди


Иллюстрация. Авдеевка - Украина деген жазуу.
Иллюстрация. Авдеевка - Украина деген жазуу.

17-февралга караган түнү украин армиясы Донецк облусунун Авдеевка шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу украиналык "Таврия" аскерлер тобунун командири Александр Тарнавский билдирди.

"Душман өз жоокерлеринин сөөктөрүн тебелеп, снаряддарды атып, тынымсыз бомбалап жатканда, бул бирден бир туура чечим", - деп жазды Тарнавский Телеграмга.

Анын айтымында, жоокерлер белгиленген чектерде коргонууга өттү.

Буйрукту Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский берип, аскерелерге коргонууга ыңгайлуу линияга өтүүнү тапшырган.

Чечим "курчоодо калбоо жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун сактоо үчүн" кабыл алынганы белгиленет.

Тарнавскийдин айтымында, акыркы бир суткада украиналык жоокерлер орустардын отуздан ашык чабуулунун мизин кайтарды, орусиялык армия абадан жана артиллериядан сокку уруп, калктуу конуштар зыян тартты.

Чегинүү маалында бир нече украин аскерлери туткунга алынганы айтылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматка комментарий берген жок.

Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.

Авдеевка Украинанын Орусия колдогон жикчилер 2014-жылдын жазында басып алган Донецк аймагына жакын жайгашкан, калкы 30 миңдей чакан өнөр жай шаары болчу. Буга чейин Украинанын көзөмөлүндөгү шаар эки тарап үчүн тең маанилүү саясий жана аскердик мааниге ээ.

2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш баштаган эки жыл аралыгында орусиялык аскерлер Авдеевканы басып алууга бир нече жолу аракет кылган. Бул шаарга соккуларын былтыр күзүндө күчөткөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG