Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу планы бекитилди

Бишкекти каптаган ыш. Архивдеги сүрөт.

Министрлер кабинети Бишкек шаарынын абасын сапатын жакшыртуу боюнча 2024-2025-жылдарга карата алгачкы чаралардын планын бекитти.

Өкмөттүн сайтына 16-февралда чыккан маалыматка караганда, документ баш калаанын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна зыяндуу таасирлерди азайтуу максатын көздөйт.

Бирок ал планга эмнелер киргени, кандай иштер жасалары тууралуу кенен айтылган эмес. Болгону бул план абанын булганышына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзөрү белгиленген.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат.

Былтыр мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Ага ылайык, мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлөрү белгилүү болгон. (SE)

Дагы караңыз

“900 киши мүлкүн адалдаштырды”. Кепилдик баарына текшиби? Байден Навальныйдын өлүмүнө Путинди күнөөлөдүЭркин Орусияны эңсеген Навальныйдын жолу