Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Уланбек Далиев.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты 16-февралда кабарлады.

57 жаштагы Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 1992-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Буга чейин аталган кызматта отурган Эмилбек Абдыкадыров 14-февралда президенттин буйругу менен жумуштан бошотулган. 65 жаштагы Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп, былтыр 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Орус бийлиги оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун кабарлады Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери улануудаДүйнө лидерлери Навальный саясий режимге каршы күрөшкө өмүрүн бергенин белгилешти Сот “Ихсан” кооперативинин жетекчисин 12 жылга, кызматкерин 11 жылга эркинен ажыратты