Дүйнө лидерлери Навальный саясий режимге каршы күрөшкө өмүрүн бергенин белгилешти

Алексей Навальный.

Дүйнө лидерлери бүгүн 16-февралда орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жакындарына көңүл айтып, анын демократияны өнүктүрүүдөгү, өлкө тагдырындагы ролун белгилеп жатышат.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Навальный каза болгону тууралуу кабар нес кылганын, Орусия демократиядан тайыганын айтты:

«Анын өмүрү курмандыкка чалынды. Бул эмне деген режим экенин биз абдан жакшы билебиз. Сындаган, демократияны колдоп сүйлөгөн адам өз өмүрү, коопсуздугу үчүн коркушу керек болуп калды. Биз нес болуп турабыз. Өтө жаман. Орусия кандай болуп өзгөргөнүнүн белгиси. Тилекке каршы, бул процесс мурда эле башталган. Орусия демократиядан тайыганына көп болду».

Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак Навальныйдын өлүмү орусиялыктар үчүн өтө чоң трагедия экенин белгиледи.

«Орусиялык демократиянын эң чыгаан коргоочусу катары Алексей Навальный өмүр бою өтө бекем кайратын көрсөтүп келди», — деди Сунак.

Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурне Навальный орус президенти Владимир Путиндин тушунда түзүлгөн басмырлоо, эзүү системасына каршы чыгып, ошонун курмандыгы болгонун айтты.

«Алексей Навальный ошол системага каршы күрөш үчүн өмүрүн берди. Анын колониядагы өлүмү бизге Владимир Путиндин реалдуу режиминин бетин ачууда», - деди ал.

Орусияда абактагы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун бүгүн 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон.

«Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», - деп айтылды маалыматта.

Айрым орусиялык журналисттер саясатчынын каза болушуна кан тамырда уюган кан (тромб) себеп болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Навальный жазалоочу жалгыз кишилик камерага 27-жолу камалганын 14-февралда маалым болгон.

Навальныйдын адвокаты Леонид Соловьев анын үй-бүлөсүнүн чечими менен азырынча эч кандай комментарий берилбей турганын "Новая газетага" айтты. "Азыр териштирип жатабыз. Адвокат Алексей менен шаршемби күнү жолуккан. Анда баары жайында эле болчу", – деди ал.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш азырынча бул кабарды тастыктаган эч кандай маалыматы жоктугун айтты. "Алексейдин адвокаты азыр Харпка жөнөп жатат. Маалымат болор замат айтабыз", – деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тийиштүү эрежелерге ылайык, жаза аткаруу мекемеси териштирүү жүргүзүп жатканын, мында кандайдыр бир өзгөчө тапшырма берип териштирүүнүн кереги жоктугун айтты. Тромб боюнча маалыматтарга ал "Мен билбейм. Аны дарыгерлер тактайт" деп жооп берди.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Дагы караңыз

Орус бийлиги оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун кабарлады Орусиянын абак мекемеси Алексей Навальный каза болгонун билдирдиСот “Ихсан” кооперативинин жетекчисин 12 жылга, кызматкерин 11 жылга эркинен ажыраттыЧет элдик инвестордун мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөн судьяга иш козголду