Аймактагы дыйкандарга жеңилдетилген насыя жетпей жатканы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүндү.

Бул тууралуу парламенттеги “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын 16-февралдагы жыйынында “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов билдирди. Анын айтымында, бул сумма “Айыл банк” жана РСК банк аркылуу берилет.

Былтыр ушул эле долбоордун алкагында эки банкка 1 млрд 650 млн сомдон бөлүнгөн.

Депутат Кундузбек Сулайманов “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору менен берилип жаткан насыялар алыскы аймактагы дыйкандарга жетпей жатканын айтты.

“Силер райондук борборлорду ачып койдуңар. Алыскы аймактагы дыйкандар район борборлоруна келгичекти арыз жазылып, алар үлгүрбөй калып жатат. Шаарда эки-үч күн түнөп калууга туура келет экен”, - деди Сулайманов.

Ал насыяны айыл аймактар боюнча өзүнчө бөлүп берүү керектигин сунуштады.

Алимжанов электрондук кезекке туруунун шарттары өзгөргөнүн, ал эми насыя райондук, облустук негизде бөлүнөрүн түшүндүрдү.

Былтыр жазында “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген. Каражат негизинен дыйканчылыкка жана мал чарбачылыгына бөлүнгөн.

Дагы караңыз

Күн сууктаганына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейтТИМ Бишкекке Польшанын консулдугун ачуу талкууланып жатканын билдирдиТөкмө акын Шекербек Адыловдун жаңы китеби жарык көрдүКара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды