CPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму бүгүн 15-февралда кабарчылардын коопсуздугу боюнча жылдык баяндамасын жарыялады.

Баяндамада айтылгандай, 2023-жылы дүйнө жүзүндө 99 журналист жана медиа тармагында иштеген кызматкер каза болду. Бул 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч жана 2022-жылга салыштырганда 44% көп.

Дүйнө жүзүндө журналисттердин укугун жана сөз эркиндигин коргоо менен алектенген бул көз каранды эмес жана коммерциялык эмес уюм кабарчылар катардагы жаран катары караларын жана аларга кол салуу согуш кылмышы деп бааланарын белгиледи.

Былтыр каза болгон журналисттердин 72си Газа секторунда Израил менен ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортосундагы согуш башталган алгачкы үч айда набыт кеткен. Алардын көбү палестиналыктар, үчөө ливандык жана экөө израилдик жаран болгон. (RK)

Дагы караңыз

Умай энеге карата ишеним жана бешикке байланыштуу жөрөлгөлөрФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледиЕвропа: Укугу бузулуп, уйкудан калган айдоочуларИзраил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирди