АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 15-февралда бир күндүк иш сапар менен Албанияга барды. Ал өлкөнүн премьер-министри Эди Рама менен сүйлөшүү жүргүзөрү жана 2021-жылы Ооганстанда бийликке «Талибдер» келгенден кийин мекенинен качып, бул өлкөдө убактылуу баш калкалап, АКШга виза күтүп отурган ооганстандык качкындар менен жолугары кабарланды.
Албания АКШнын союздашы жана НАТО боюнча өнөктөшү.
«Көптөн берки союздаш болгон Албаниянын жана АКШнын стратегиялык өнөктөштүгү жана кызматташтыгы биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин ишеничтүү пайдубалына таянып, бекемделүү гана жолунда болот», — деп жазды Албаниянын тышкы иштер министри Игли Хасани X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.
2021-жылдын август-сентябрь айларында 2,5 миңдей ооган качкыны Албаниянын Шенжин жана Дуррес шаарларына жеткирилген. АКШ өкмөтү жана бейөкмөт уюмдар аларга каржылык жардам көрсөтүшкөн. Кийин көбү Кошмо Штаттарга көчүрүлгөн.
Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан чакан өлкө Албания 2009-жылы НАТОго мүчө болгон, 2014-жылдан бери Европа Биримдигине талапкер. (RK)
Дагы караңыз
Орусиянын Курск облусундагы мунай базага дрон тийгенде өрт чыкты Газа: Каирдеги сүйлөшүүдөн Израилдин делегациясы чыгып кетти Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча процесс адвокатсыз улантылганын “мыйзам бузуу” деп атадыОрусияда сот президенттикке талапкер Надеждиндин арызын канааттандырган жок