"Тез жардамдын" жетекчилиги 18 млн сомду маяна катары мыйзамсыз алып алганы аныкталды

Тез жардам автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Тез жардам борборунда текшерүү жүргүзүп, анын жетекчилиги ири суммадагы каражатты мыйзамсыз өздөрүнө ыйгарып алганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында аталган борбордун жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, айлык акынын үнөмдөө фондусун жана эмгекке катышуу коэффициентин көбөйтүү шылтоосу менен 18 млн 126 миң сомду өздөрү мыйзамсыз бөлүштүрүп алышкан. Борбордун бардык кызматкерлерине төлөөгө багытталган акча башкаларга берилген эмес.

Мындан сырткары аталган Тез жардам борборунун жетекчилиги дарыгерлерге, орто жана кенже медициналык персоналга айлык акыга кошумча төлөм катары каралган акчаны ай сайын өздөрү мыйзамсыз алып турушкан. Мында жалпысынан 287 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

2023-жылы 1-августунда Бишкек шаарында Тез жардам борборунда иштегендер Саламаттык сактоо министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы аз экенине даттанган. Алардын бири "үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин" айтып чыккан. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн кийин кайра тарап кеткен.

Кийин 19-октябрда да борбордун алты кызматкери маяна аз болуп жатканын айтып, нааразылык акциясын өткөргөн.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов буга комментарий берип, кызматкерлер кепилденген айлыгын алып жатканын, кошумча эмгек акыларды үнөмдөөдөн ашкан акчанын коэффициентин да алып жатканын тактаган. Ал жайкы мезгилде кошумча төлөмдөр азайып кетерин, жумуштагы сааттар аз болсо, акча да азыраак чыгып каларын белгилеген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев былтыр 26-октябрда парламентте "Тез жардам" кызматында дарыгерлер, адистер таңкыстыгы бар экенин билдирип, өкмөт бул кызматта иштегендердин маянасын көтөрүүнү караштырып жатканын айткан. (ErN)

Дагы караңыз

Латвияда номуру орусиялык машиналарды конфискациялоо мыйзамы иштей баштады “Кемпирабадчылар” соттон президент баштаган аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылыштыЖылуулук борборундагы жарылууда жараат алгандардын абалы жакшыра баштаганы кабарландыОрусия Белгороддо ракета чабуулунан беш жараны каза болгонун билдирдиПутин Трампка караганда Байденди "тажрыйбалуу" саясатчы деп сыпаттадыБиринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши адвокаттарсыз каралганына түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айтты