Москва өзбекстандык журналисттин айтканына кескин реакция кылды

Шерзодхон Кудратхожа.

Орусия Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожинин Өзбекстанда жашаган, бирок бул өлкөнүн тилин билбеген адамдар тууралуу айткан сөзүнө байланыштуу нааразылык билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин 14-февралдагы маалыматына караганда, Өзбекстандын элчиси Ботиржон Асадов чакыртылды жана ага ректордун айткандары «өтө кемсинтүүчү жана таптакыр кабыл алынгыс» деп бааланып жатканы айтылды.

Шерзодхон Кудратхожа Кирилл Альтманга курган маегинде өзбек тилин билбеген өзбекстандыктар тууралуу айтып жатып Карл Маркстын жашаган өлкөсүнүн тилин эки гана адам – же баскынчы, же кеңкелес билбейт деген сөзүн мисал келтирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги анын бул айткандарын «Орусия менен Өзбекстанды байланыштырып турган терең стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерине таптакыр каршы келет» деп баалап, «Ш.Кудратхожинин пикири менен бизге дос жана союздаш Өзбекстандын калкынын басмыдуу көпчүлүгү макул эмес» деп билдирди.

Өзбекстан азырынча бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Альтман Кудратхожага Ташкентте орус улутундагы аял менен айтыша кеткенде аны өзбек тилинде сүйлөшүүгө чакырган окуя тууралуу суроо узаткан. «Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, бул окуя 2018-жылы болгон. Анда социалдык түйүндөрдөгү орус тилдүү активисттер Кудратхожаны улутчулдукка айыпташкан.

Ректор ошондо туура кылгамын деп эсептей турганын, айыптагандар менен катар колдогондор да болгонун, алар «Эмне үчүн биз өзүбүздү дагы эле колония сезебиз, биз колония эмеспиз, биз көз каранды эмес өлкөбүз, өз тилибизде сүйлөйбүз» дешкенин, өзүн русофоб деп эсептебей турганын, орустарга мамилеси жакшы экенин айтып берди.

Былтыр декабрда Өзбекстандын парламентинин (Олий Мажлис) жогорку палатасынын (Сенат) төрайымы Танзила Нарбаева Ташкентте жаштар менен жолугушууда Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын айтканда да кызуу талкуу жараткан.

Андан мурда Орусиянын «Справедливая Россия – За правду» партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепин Орусияда “мигранттар менен улам тутанып жаткан конфликттерди жаңы аймактарды, тагыраагы, өзбек жерлерин кошуп алуу жолу менен чечсе болорун” айткан.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул өлкөдөгү элчиси Олег Мальгиновду Прилепиндин айткандарына байланыштуу чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөн.

Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жалпысынан миллиондогон жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдары орус жарандыгын алган.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

Орусиялык белгилүү саясатчылар Казакстандын да аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген билдирүүлөрдү айткан учурлар болгон. (RK)

Дагы караңыз

"Ооганстан маселесинде Борбор Азиянын өзгөчө ролу бар"Украинанын бир катар аймагы ракеталык чабуулга кабылдыТИМ Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп бердиУКМК криминалдардан кысым көргөн ишкерлерди органдарга кайрылууга чакырды