Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Украинанын бир катар аймагы ракеталык чабуулга кабылды


Украин аскери Краматорск вокзалында жубайы менен коштошууда.
Украин аскери Краматорск вокзалында жубайы менен коштошууда.

Орусия бүгүн 15-февралда да Украинанын бир катар шаарына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракеталык чабуул жасаганын аймактык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко шаарга учурулган орусиялык ракеталардын баары атып түшүрүлгөнүн, адамдардан эч ким жабыркабаганын билдирди.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жарылуунун кесепетинен бир нече жерде имараттардын терезелери талкаланганын, адамдар арасында жабыркагандар катталбаганын айтты.

Запорожьенин губернатору Иван Федоров инфраструктуралык объектилердин бири талкаланганын, бир киши жараат алганын кабарлады.

Ал эми Орусия батыш аймагындагы Курск шаарынан анча алыс эмес жерде мунай базасында өрт чыкканын маалымдап, буга Украинаны айыптады. (RK)

XS
SM
MD
LG