Аба ырайы: кар жаап, күн кескин сууйт

16-февралда Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7, кечкисин -1…-3;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6, кечкисин -1…-3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсун -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 3…5° жылуу, кечке жуук 0…-2° суук болот.

Дагы караңыз

"Ооганстан маселесинде Борбор Азиянын өзгөчө ролу бар"Украинанын бир катар аймагы ракеталык чабуулга кабылдыТИМ Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп бердиУКМК криминалдардан кысым көргөн ишкерлерди органдарга кайрылууга чакырдыКыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон