Орусия бүгүн 15-февралда да Украинанын бир катар шаарына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракеталык чабуул жасаганын аймактык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко шаарга учурулган орусиялык ракеталардын баары атып түшүрүлгөнүн, адамдардан эч ким жабыркабаганын билдирди.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жарылуунун кесепетинен бир нече жерде имараттардын терезелери талкаланганын, адамдар арасында жабыркагандар катталбаганын айтты.
Запорожьенин губернатору Иван Федоров инфраструктуралык объектилердин бири талкаланганын, бир киши жараат алганын кабарлады.
Ал эми Орусия батыш аймагындагы Курск шаарынан анча алыс эмес жерде мунай базасында өрт чыкканын маалымдап, буга Украинаны айыптады. (RK)
Дагы караңыз
УКМК криминалдардан кысым көргөн ишкерлерди органдарга кайрылууга чакырдыКыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгонПарламентте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзам долбоору талкууга түштү"Ооганстан маселесинде Борбор Азиянын өзгөчө ролу бар"