Чет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайды

Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 2 млрд 706,1 млн АКШ долларын которду. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которууларга байланыштуу баяндамасында кабарланат.

Бул андан мурдагы жылга караганда 12%га аздык кылат. 2022-жылы чет жакта жүргөн жеке жарандар Кыргызстанга 3 млрд 86 млн доллар жөнөтүшкөн.

Былтыр 12 айда келген акчанын 2 млрд 531 млн доллары Орусиядан келген. Калган каражаттар АКШ, Түркия, Казакстан, Германия, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден жөнөтүлгөн.

2023-жылдын октябрында Tazabek басылмасы Улуттук банктын 10-15 жылдык маалыматтарын талдап чыгып, Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар 2010-жылкы минимумга чейин түшүп кеткенин кабарлаган.

Жеке адамдардын Кыргызстандан чет өлкөлөргө акча которуусу да дээрлик эки эсе кыскарды. 2022-жылы сыртка акча жөнөтүү 1 млрд 213,5 млн доллар болсо, 2023-жылы чет жакка 561,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат чыгып кеткен. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК Көлбаевдин адамдарына таандык аңчылык жайы мамлекетке өткөнүн билдирдиПутин Украинадагы жигердүү аракетин эрте баштабаганына өкүнөрүн айттыЖаңы үлгүдөгү 20, 50, 100 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылдыТөрөбаев жазгы айдоо иштерине даярдык тууралуу маалымат берип жататБоронбаевдин ордуна келген Зулпуев парламентте ант бердиУКМК Ош облустук милициясынын бөлүм башчысын кармады