Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Путин Украинадагы жигердүү аракетин эрте баштабаганына өкүнөрүн айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага карата жигердүү аракеттерин эрте баштабаганына өкүнөрүн "Россия 1" телеканалынын журналисти Николай Зарубинге курган маегинде айтты.

14-февралдын кечинде эфирге чыккан маекте негизинен президент Путиндин 6-февралда америкалык журналист Такер Карлосон менен маектешүүсүнө арналды. Карлсонго курган маеги, ага көрүүчүлөрдүн мамилесин комментарийлеп жатып, Путин Карлсонду "кооптуу адам" деп атады. Путин Карлсонду "курч жоопторду" укпоо үчүн атайын ыкма колдонду деп айтып, өзү таптакыр башка суроолорго даярданганын, "курч жоопторду" берүүгө даяр болгонун, бирок жыйынтыгында маектешүүгө "толук канааттанбай калганын" билдирген.

Путин Зарубиндин Карлсон АКШда камалып калса кандай болорун айткан сөзүнө, "жаман болмок эмес" деп жооп берип, "Американын бүгүнкү башкаруу классындагы либералдык-демократиялык диктатура чыныгы жүзүн көрсөтмөк" деген оюн ачыктады.

Орус президенти АКШнын кайсы президенти ал үчүн оңтойлуураак, "Жо Байденби же мурдагы президент Дональд Трамппы?" деген суроого "албетте, Байден, анткени ал алдын ала билүүгө оңоюраак (более прогнозируемый)" деп жооп берди.

Путин мындан тышкары Такер Карлсон менен камера артында сүйлөшкөнүн айтып берди. Анын сөзүнө караганда, 20-кылымдын башында Орусия империясындагы еврейлерди жапырт "демонизациялоо" жараяны тууралуу сөз болгон. Путин бул жараяндар азыркы Украинанын аймагында болгонун айткан. (Еврейлерди талкалоо Орусия империясынын бардык аймагында, анын ичинде Нижний Новгороддо, Ростов-на-Донуда, Красноярскиде дагы болгон - ред).

Шаршембиде The Moscow Times маалымат каражаттарын иликтеген Mediascope компаниясына шилтеме кылып, Путиндин Карлсонго курган эки сааттык маеги өткөн аптада жалпы орусиялык белгилүү телепрограммалардын ичинде 19-орунга гана жеткенин жазды. Ага ылайык, орус президентинин маегин көрүүчүлөрдүн 2,9% гана көргөн.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта согуштан он миңден ашуун жай тургун, анын ичинде жаш балдар набыт болгонун Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган.

XS
SM
MD
LG