Боронбаевдин ордуна келген Зулпуев парламентте ант берди

Жогорку Кеңештин депутаты Саидбек Зулпуев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын бошогон депутаттык орун үчүн мандат алган Саидбек Зулпуев 15-февралда парламентте ант берди.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал Бишкек шаарында туулган. Жалал-Абад шаардык, Чүй облустук финансы башкармалыктарында жана Финансы министрлигинде иштеген. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору, министрдин орун басары, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин, Банктарды жоюу агенттигинин башчысы болгон.

Саидбек Зулпуев 2021-жылкы парламенттик шайлоого “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 26-катарда катышкан.

Ал “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан мандатын тапшырган экс-депутат Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев парламенттеги бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында анын соттуулугу жок экени айтылган.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери 2019-жылы кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп, кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы, азыркы депутат Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Нурлан Ражабалиев 12 млн сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом бюджетке төккөнү маалымдалган.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

Дагы караңыз

Төрөбаев жазгы айдоо иштерине даярдык тууралуу маалымат берип жататУКМК Ош облустук милициясынын бөлүм башчысын кармадыЖКда Кемпир-Абад иши боюнча маалымат угуу сунушталдыАббас ХАМАСты Израил менен келишимге тезирээк макул болууга чакырдыНиклассон: Борбор Азиянын Ооганстан боюнча өзгөчө ролу бар