Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

ЖКда Кемпир-Абад иши боюнча маалымат угуу сунушталды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Мунун ичинен Бектур Асанов гана тил кат менен бошотулган. Калган айыпталуучулар үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Мунун ичинен Бектур Асанов гана тил кат менен бошотулган. Калган айыпталуучулар үй-камагында.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад иши боюнча сотто айыпталуучуларга жасалган мамиле боюнча парламентте Башкы прокуратуранын маалыматын угуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында сунуш берди. Депутат сотто “кемпирабадчыларга” орой мамиле жасалып, укуктары бузулуп жатканын айтты.

“Сотто аскер кызматкерлери айыпталуучуларды чыканак менен чаап атат. Түртүп, кордоп атат. Биз кийинки аптада башкы прокурорду чакырып, мыйзам кандай аткарылып жатканын сурасак. Депутаттык комиссия да түзүлдү эле. Анын жыйынтыгы чыгабы?”, - деди ал.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев “прокуратура ишти сотко өткөрүп бергенин, соттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбаш керек экенин” билдирди.

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүшө кеткен.

Буга айыпталуучулардын бири Илгиз Шаменовдун адвокаты ооруп калып отурумга келбей калганы, судья ага карабай сотту өткөрүп жатканы негиз болгону айтылган. Бул окуядан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, ортодо танапис жарыяланган. Түштөн кийинки отурумга айыпталуучулар алынып келген жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG