Төрөбаев быйыл картөшкө ордуна кант кызылчасын айдоо сунушталарын айтты

Иллюстрациялык сүрөт

Быйыл дыйкандарга буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, картошка менен пахтанын эгилген аянттарын азайтуу сунушталууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 15-февралда маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өкмөт дыйкандарды мээнетти жана каржыны көп талап кылып, бирок пайдасы аз эгиндерди айдоодон кетүүгө үндөөдө.

"Сапаттуу, түшүмү жана кирешеси көп эгиндерди, алсак, кант кызылчасын, малина жана башка эгиндерди айдагыла деп атабыз. Ошто пахтанын, Ысык-Көлдө картошканын, Таласта төө буурчактын аянтын азайтып, кант кызылчасын айдагыла деп сунуштадык".

Төрөбаев быйыл Кыргызстанда өндүрүлгөн 60 продукция экспортко чыгарыларын айтып, бул үчүн ириде алардын сапаты жакшы болушу зарыл экенин белгиледи. Кайра иштетүү тармагына көңүл буруларын, бул үчүн 100 долбоор түзүлгөнүн кошумчалады.

Өкмөт быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилерин маалымдаган.

Былтыр жазында “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөн.(EBM/ZKo)

Дагы караңыз

УКМК Ош облустук милициясынын бөлүм башчысын кармадыЖКда Кемпир-Абад иши боюнча маалымат угуу сунушталдыМатраимов менен чогуу соттолгон депутат Боронбаев мандатын тапшырды Аббас ХАМАСты Израил менен келишимге тезирээк макул болууга чакырдыБишкек сүйлөшүүсү: Борбор Азия "Талибан" менен тил табыштыбы?