Аббас ХАМАСты Израил менен келишимге тезирээк макул болууга чакырды

Газа.

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас ХАМАС тобун (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) Газа сектору боюнча келишимге тезирээк макул болууга чакырды.

Палестиналык расмий маалымат агенттиги Wafa бүгүн 14-февралда билдиргендей, Аббас барымтадагыларды жана камактагыларды болушунча тезирээк бошотуу тууралуу келишим кабыл алынбаса кесепети өтө оор болорун эскертти.

Ошону менен катар ал АКШны жана араб өлкөлөрүн келишимге жетишүү боюнча ишти олуттуу илгерилетүүгө үндөдү.

Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн соңкусу Египеттин ортомчулугу менен бул өлкөнүн борбору Каирде өтүп жатат. Израилдин делегациясы 13-февралда ал сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткенин жергиликтүү жана америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Анда Газадагы атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, сектордун тынч эмес аймактарынан качып барган 1,3 миллиондой палестиналык жай тургун баш калкалап турган Рафах шаарында толук масштабдуу операциянын башталышына жол бербөө маселелери талкууланып жатат.

Египет негизги маселелер боюнча кеңешүү, сүйлөшүү дагы уланарын билдирди.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

Дагы караңыз

Никлассон: Борбор Азиянын Ооганстан боюнча өзгөчө ролу барБишкек сүйлөшүүсү: Борбор Азия "Талибан" менен тил табыштыбы? Бозгундагы беларус жазуучусу атасына иш козголгонун билдирдиТөрөттөн каза тапкан аялдын өлүмү: оорукана башчысы кызматтан алынды