Бишкекте беш автобус айдоочусу жол эрежесин бузганы үчүн жумуштан кетти

Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги муниципалдык жүргүнчү автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы 13-февралда коомдук транспорт айдоочулары менен чогуу жол кырсыктарынын алдын алуу маселесин талкуулашты.

Жыйында маалым болгондой, шаарда автобус айдаган беш айдоочу жолдо жүрүү эрежелерин сактабай, жол кырсыгына кабылганы үчүн иштен алынып, дагы үч айдоочу сый акыдан ажыратылган.

Айдоочуларга жол кирени накталай эмес түрдө алуу боюнча бардык талаптарды сактоо керектиги, аны аткарбагандар жоопко тартылары эскертилди.

Бишкек мэриясынын маалыматында, борбор калаада күн сайын 560 автобус, 120 троллейбус эл ташууга чыгууда.

Өкмөт былтыр Бишкекте жүргүнчү ташууга миң жаңы автобус алып чыгууну көздөп жатканын билдирген. Алардын дээрлик бардыгы газ менен жүрөт.

Шаар кеңешинин токтому менен 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Бекешев жөлөк пулга жетпеген акча банк сатып алууга кайдан табылып жатканын сурадыТаласта 132 дарыгердин орду бош туратОрусия миңдеген непалдыкты согушка салганбы? “Чет элдик өкүл” долбоору кайра ЖК комитетине кайтарылдыКыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат