Улгайган адамдардан акча талап кылгандар кармалды

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учуру. Ысык-Көл. 12-февраль, 2024-жыл. УКМКнын сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 12-февралда Чолпон-Ата шаарында улгайган адамдардан опузалап 6 миң доллар талап кылган адамдар кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, кыргызстандык В.А.И. жана Х.Р.Р улгайган адамдардан акчанын бир бөлүгүн, 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан.

Шектүүлөр улгайган адамдарды каттоо жана нотариалдык органдардагы тааныштары аркылуу кыймылсыз мүлкүн алып коюшарын айтып, коркутушкан.

Кылмышка шек саналып кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коопсуздук кызматы кармалган В.А.И. жана Х.Р.Р. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен башка жарандарды УКМКнын Каракол шаарындагы башкармалыгына кайрылууга чакырды.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте аялын сабоого шек саналган адам кармалдыТалас: иш козголгон жетекчилер, токтогон курулуш Жаңылана албасак, азабын далай тартабыз Обончу, аткаруучу Бакыт Капаров дүйнө салдыУкраинадагы уруш миграция агымын Британияга бурду