Ош шаарында туристтерди кызыктырган суроолорго жооп берип, көмөк көрсөтүүчү "Босого" маалымат борбору ачылды.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду кабарлады. Маалыматка караганда, борбордон аймактагы туристтер барса боло турган жерлер, мейманканалар, тамактануу жайлары, гиддер, логистикалык компаниялар боюнча маалымат алышат. Зарыл учурда документ жагынан көмөк көрсөтүлөт.
Аталган фонд туристтерге ар тараптуу кеңеш берип, көмөк көрсөтүүчү адистер кылдат тандалганын билдирди.
"Босого" маалыматтык борбору буга чейин Бишкектеги Улуттук тарых музейинде, "Манас" эл аралык аэропортунда ачылган.
Туризм департаменти былтыр тогуз айда Кыргызстанга 6 млн турист келгенин билдирген.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, 2023-жылы жайкы сезондо көлдө 1,3 миллиондой киши эс алды.
Негизинен Кыргызстанга туристтер Ысык-Көл облусуна келет. Аймакта 1127 эс алуу жайы бар, алардын 852си Ысык-Көл районунда жайгашкан. (КЕ)
Дагы караңыз
Обончу, аткаруучу Бакыт Капаров дүйнө салдыБалдарга арналган үч китеп кыргызчаландыЭгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келин энелик укуктан ажыратылдыЕвробиримдиктин атайын өкүлдөрү Бишкекке иш сапары менен келишти