Казакстанда журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин соту башталды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак редациясы жазды. Маалыматка караганда, судья прокурордун жараянды жабык өткөрүу өтүнүчүн канааттандырды. Буга жүйө катары күбөнүн коопсуздугу келтирилди. Адвокаттар соттун ачык өтүшүн талап кылып, иш менен таанышууга убакыт сурашты. Журналист өзү ата-энеси улгайып калганын айтып үй камагына чыгарууну сурады. Бирок судья өтүнүчтү четке какты.
Журналисттер сот жараянына атайын бөлмөдөн байкоо салып турушту. Активисттердин бири, Асет Абишев соттун жанына чогулгандар «Боштондук!» деп кыйкырып турушканын Фейсбукка жазды.
Ютубдагы ND каналынын автору Мухаммедкарим «экстремизмди каржылоого», тыюу салынган уюмга «мүчө болууга» шектелүүдө. Июнда кармалган журналистти куугунтуктоого анын мурдагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязов менен интервьюсу себеп болгону айтылып келет.
Былтыр ноябрда журналист активисттер Айгерим Тлеужанова жана Марата Жыланбаевге тилектештик иретинде ачкачылык кармаганы кабарланган.
Мухаммедкаримдин камалышын Казакстандын тең укуктуу журналисттер федерациясы айыптаган. Жергиликтүү укук коргоочу уюмдар аны «саясий туткундардын» тизмесине кошкон.
Дагы караңыз
"Талибан" өкмөтүнүн "кооптуу" каналы. Ташкент эмнеге үн катпайт?Кара-Сууда камакка алынган базар ээсинин адвокаты ишкерди үй камагына чыгарууну өтүндүТүркмөнстан: Бардык тойдо Аркадагдын ыры жаңырат