Блинкен 17-январда Жапаровго кат жолдоп, коомчулукта "Чет элдик өкүл" деген ат менен аталып жаткан мыйзам кабыл алынса, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасирин тийгизип, кесепети оор болорун белгилеген.
Президент Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жолдогон катынын текстин анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов 12-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Президент Жапаров мамлекеттик катчы Блинкенге жолдогон катында Бишкек Вашингтон менен өз ара жана көп тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген. Ошол эле маалда АКШнын башкы дипломатынын катында Кыргызстандын "ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экенин" жазган. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин мамлекет көзөмөлдөшү керектигине токтолгон.
"Сиз “мурдатан эле региондо Кыргызстандын жарандык коому абдан күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын маанилүү бөлүгү болуп келген” деп жазгансыз. Албетте, бул туура. Мен Сиздин пикирге кошулуп гана тим болбостон, адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулуу биздин элибиздин канында бар деп өзгөчө баса белгилейм. Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргызстанда иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө он миңдеген мындай уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда алардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Дагы караңыз Поммершайм: “Чет элдик өкүл” мыйзамынын зыяны элге тиетСадыр Жапаров катында бул мыйзам долбоору АКШда 1938-жылы кабыл алынган Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын деп белгилерин жазган. Соңку үч жылда Кыргызстанда көп нерселер жакшы жагына өзгөрдү деп ишендиргенге аракет кылган.
"Белгилүү болгондой, FARA мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат. Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат. Эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт? Блинкен мырза, соңку үч жылда Кыргызстанда көп нерсе жакшы жагына өзгөрдү. Биздин жасап жаткан кадамдарга эл аралык коомчулук жакшы деген объективдүү баа берүүдө. Блинкен мырза, чындыгында, биз өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп келе жаткандардын да ишин кубаттайбыз жана иш жүзүндө колдойбуз", - деген Жапаров.
Президент ошондой эле АКШга грант алган уюмдарга аудит жүргүзүп көрүүнү сунуштаган.
"Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам. Урматтуу Мамлекеттик катчы мырза, мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз “америкалык айрым өнөктөштөрдүн” кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматуу Блинкен мырза, Сизди өлкөбүзгө келип, Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен бекем корголуп жаткандыгын өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз деп чакырам. Кыргызстандан Сиз дайыма чыныгы досторду табасыз деп ишенем. Ошондой эле биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм. Болгону менин бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер", - деп аяктаган катын Садыр Жапаров.
Кыргыз президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бул кат тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Бишкектен жолдонгон катта бардык жагдай эске алынганын айтты.
"Биринчиден, бизде жаңы мыйзам кабыл алынган жок, буга чейинки мыйзамга оңдоолор жана толуктоолор кирип жатат. Ал эми Блинкендин катында "ушундай мыйзам кабыл алып жатыпсыңар" деп жазылып калыптыр. Менин оюмча, АКШнын мамлекеттик катчысына туура эмес маалыматтарды беришкен. Ошондуктан ушундай такталбаган ойлор жазылып калган. Садыр Нуркожоевичтин каты бардык фактыларга, далилдерге, бүгүнкү болуп жаткан окуяларга, дүйнөдөгү абалга терең анализ жүргүзүп анан жазылды. Биздин мамлекеттин ички ишине кийлигишүүгө бир дагы мамлекеттин акысы жок. Белгилүү уюмдар, коомдор алдында биздин милдеттемелерибиз бар. Биз ал конвенциялардын талаптарынан чыккан жокпуз. Биздин Конституцияда адам укугу бекем көрсөтүлгөн. Ал талаптардын баары эле сакталып турат. Болгону мамлекеттүүлүгүбүздү сакташ үчүн айрым укуктарыбыызды бекемдеп жатабыз. Садыр Жапаровдун жообу аябай так, жакшы жазылган деп баалайм".
Дагы караңыз АКШ-Борбор Азия саммитинен эмне күтүлөт?Блинкен 17-январда Жапаровго кат жолдогону өткөн аптада белгилүү болгон. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы өз ара алака-катыштын өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.
“Урматтуу президент мырза, мен биздин өкмөттөрдүн кызматташтыкты бекемдөөдөгү 2023-жылы жетишилген прогресстерге канааттанып турам жана биздин жалпы мүдөөлөрдү илгерилетүү үчүн жакында өткөн С5+1 саммитинде жетишилген демилгенин бекемделишин чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Биз сиздин бул тарыхый саммиттеги ийгиликти камсыздоодогу ролуңузга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин активдүү жарандык коомуңуздар көптөн бери чөлкөмдөгү эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу мен сизге кайрылып, Кыргызстандын парламентиндеги чет элдик өкүлдөр тууралуу (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”) мыйзам боюнча өзүмдүн тынчсыздануумду билдирем. Ал кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар жарандык жана кылмыш иштер боюнча жазалоого кириптер болот. Бул сиздин өлкөдөгү эң улуу нерсени коркунучка кептейт”, - деген Блинкен өз катында.
Кошмо Штаттар Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган жана өз ара Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы майда Вашингтондо кол коюлган.
Расмий Бишкек бул келишимден 2015-жылы бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгону маалымдалган.
Эки өлкө жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын айтып келгени менен ал качан кабыл алынары азырынча белгисиз.
АКШ - Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөткөн ири донорлордун бири. Вашингтондун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга эгемендик алгандан бери ар кандай өнүгүү программаларына 2 миллиард доллардан ашуун жардам алган.
Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде, кайсы бир топтун кызыкчылыгынан улам Садыр Жапаровго чыныгы жагдай тууралуу толук маалымат жетпей жаткан болушу мүмкүн.
"Мындай кеңири, деталдуу катты президент Садыр Жапаров өзү жалгыз отуруп алып жазган жок да. Анын командасы бар, тиешелүү кишилери бар. Өкүнүчтүүсү, президент жообунда "силерден акча алып жаткан, туура эмес иштерди кылган бир ууч гана медиа жана бейөкмөт уюмдардын маалыматы болуп жатат, алар силерге туура эмес маалымат берип жатат" деп жатпайбы. Менимче, бул проблема тескерисинче өлкөнүн жетекчилигинде бар го дейм. Толгон-токой экспертизалардын негизинде кемчиликтерин айтып жатса, аргументтерди келтирип жатса, аларга бир дагы көңүл буруп койбой, бул мыйзам долбоорун торпедо сыяктуу түртмөлөп, автор болуп жаткан адамдар бар. Ошолордун маалыматы, менимче, президентти тескери буруп коюп жатабы деген күмөнүм бар. Ошол катты даярдап, аны жазган адамдар деле ушул сыяктуу мыйзамдардын авторлору болуп жүрбөсүн деген ой кетет. Бейөкмөт уюмдардын ишиндеги ачык-айкындуулук бүгүнкү күндөгү мыйзамдарда бар. Кайсы жактан акча алганы тууралуу салык кызматы баштаган мекемелерге маалымат берилет. Алардын отчеттору жыл сайын бир эмес, бир канча жолу берилет. "Чет өлкөлүк өкүл" деген макам клеймо сыяктуу өтө бүдөмүк, юридикалык стандартка каршы келет. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуусу мүмкүн болуп жатканы - эң орчундуу проблема. Президенттин ушул тууралуу маалыматы болуусу зарыл".
Дагы караңыз Бейөкмөт уюмдарды каралоонун артында эмне турат?Блинкен кат жазганы белгилүү болгон күнү, 7-февралда “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору парламенттин күн тартибинен алынган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы буга байланыштуу маалыматы жоктугун билдирген.
"Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева Кыргызстан эл аралык милдеттемелердин негизинде демократиялык принциптерди, адам укуктарын сактоого кепилдик бергенин белгиледи.
"Биз өз ыктыярыбыз менен ал эл аралык милдеттемелерге кол койгонбуз. Биздин мамлекет башка өлкөлөрдөн акча алып эле келген. Ачыктыкты, демократияны камсыз кылабыз, адамдардын укугун коргойбуз деп бир топ кепилдиктерди алганбыз. Ошолорду ишке ашыруу үчүн өзүбүздө акча жок, ал акчаны биздин мамлекет дайыма эле сырттан алып келген. Ошол акчаны алып жатканда ички ишке кийлигишүү деп сыпаттабай, азыр эми ички кийлигишүү болуп калабы? Эгерде муну ички кийлигишүү деп эсептесек сырттан жардам алганды анда токтотуш керек. Элдин укугун коргойбуз, жакырчылыкты жоёбуз, экологиялык маселелерди чечебиз деп сырттан акча алып жатпайбы. АКШнын мамлекеттик катчысы ошентип тынчсызданганын жөн гана сунуш катары эле берди. Мен аны ички ишке кийлигишүү катары эсептебейм",-деди Мамасалиева.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Өткөн айда, 23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламентти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып келишет.
“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.
АКШдагы Foreign Agents Registration Act (FARA) – чет элдик агенттерди каттоо мыйзамы башында нацист Адольф Гитлердин пропагандалык машинесине каршы туруу үчүн кабыл алынган. Кошмо Штаттарын ошол маалда нацисттик пропаганда күчөп, Берлин көмүскөдөн каржылап турган уюмдардын саны көбөйүп, германиялык тыңчылар америкалык технологиянын сырларын уурдай баштаганда Конгресс кийлигишүүнү чечкен.
Бул мыйцзам кабыл алынгандан кийин АКШда нацисттик пропаганда ооздукталган. Кийин документке бир канча жолу өзгөртүлөр киргизилген. Конгресс 1966-жылы бул мыйзам чет элдик лоббисттердин ишмердигин дагы тескеш керек деп чечкен.
Учурда FARA'нын алкагында чет өлкө өкмөттөрү менен кызматташып, алар үчүн экономикалык жана саясий пайда табууну көздөгөн лоббисттик уюмдар жана адамдар каттоодон өтөт. Андан тышкары редакциялык саясатын чет өлкөнүн өкмөтү тескеген медиа каражаттары бул мыйзамдын алкагында каттоодон өтүшү зарыл. АКШда Британиянын Би-би-си, Германиянын "Немис толкуну" компаниялары каттоосуз эле иштейт.
Ал эми Кремль каржылаган Russia Today телеканалы Американын Юстиция министрлигинин талабы менен 2017-жылы “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөн. АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде RT менен "Спутник" Орусиянын "мамлекеттик пропаганда машинесинин бөлүкчөлөрү" болуп саналат.
Эң башкысы, америкалык мыйзам "чет элдик агент" катары катталган медиа каражаттарынын маалымат алуу жана таркатуу эркиндигине бөгөт койбойт жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектебейт.