Эл аралык валюта кору (The International Monetary Fund - IMF) жекшембиде билдиргендей, Газа тилкесиндеги согуштан улам мунай жана газ өндүрүү кыскаргандыктан, Жакынкы Чыгыштагы экономиканын өнүгүү ыргагы болжолдогондон солгун экенин көрсөттү.
Эл аралык уюмдун директору Кристалина Георгиева Дубайда өтүп жаткан саммитте ошол эле маалда согуш жана геосаясий кризистерге карабай, «дүйнөлүк экономика таң калыштуудай туруктуулукту көрсөткөнүн» айтты.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал күчөсө анын дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепети олуттуу болушу мүмкүн.
"Кырдаалдын олку-солку болуп турганы мурдагы кризистерден кийин калыбына келип бараткан экономика үчүн көйгөйлөрдү тереңдетет. Жаңжалдын андан ары жайылышы экономикалык жоготууларды көбөйтөт», - деди Георгиева.
Эл аралык уюм Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы экономиканын өнүгүү божомолун 3,4 пайыздан 2,9 пайызга азайтты. Уюм чөлкөмдө тобокелдик көптүгүнөн улам анын өнүгүү перспективасы бүдөмүк экенин белгилейт. Мындай тобокелдиктерге Газа секторундагы жаңжалдын жайылып кетүү коркунучу, Кызыл деңиздеги жүк ташыган кемелерге жасалган чабуулдардан улам соода-сатык жолдорунун үзгүлтүккө учурап жатканы белгиленет.
Эл аралык валюта кору өткөн айда АКШнын, Кытайдын экономикалык божомолдорун жакшыртып, инфляциянын күтүлгөндөн тез азайганын белгилеген.
Дагы караңыз
Борбор Азия "Орусиянын арткы короосу" деген аталыштан арылабы?Америкалык журналисттин Путин менен жагымпоз маанайдагы маеги«Сизге виза берилбейт». Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор? Сот көз карандысыз “Клооп” медиасын жапты