“Клоопту” жаптырган эксперттик корутунду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды. Соттун бул чечими эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, бийлик аны четке каккан учурга туш келди. “Kloop Media” райондук соттун токтомуна каршы шаардык сотко арызданарын, ишин башка платформаларда уланта берерин билдирди.