Харьковдо Орусиянын дрон чабуулунан жети адам мерт кетти

Харьковдогу өрттү өчүрүү. Январь, 2024-жыл.

10-февралга караган түнү Орусиянын учкучсуз учактарынын чабуулунан Украинанын Харьков облусунда жети адам мерт кетти. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу облус башчысы Олег Синегубов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жети, төрт жаштагы эки баланын жана дагы бир ымыркайдын сөөгү эки чоң адамдын сөөктөрү менен чогуу бир үйдүн урандысынын алдынан табылды. Башка жерден дагы эки адамдын сөөгү чыккан. Үч адам жаракат алды.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов мурдараак орусиянын дрондору жергиликтүү май куюучу бекетке тийип, өрт чыкканын билдирген. 15 турак үй күйүп кеткен, элүүдөн ашуун адам, балдар эвакуацияланды. Өрттүн аянты 3700 метр чарчыга жеткен.

Одесса облусунда дрондордун чабуулунан төрт адам жабыркаганы кабарланды.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн маалымдашынча, 10-февралга караган түндө Орусия Украинага 31 учкучсуз учак менен чабуул койду. Алардын 23ү атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-февралга караган түндө Брянск облусунда үч дрон атып түшүрүлгөнүн, Кара деңизде "экипажсыз катер" жок кылынганын маалымдады.

  • БУУнун 2023-жылкы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан тарта бул өлкө аймагында 10 миңдей жайкын тургун каза болду. Өлгөндөрдүн так саны мындан көп. Орусиянын аймагына урулган соккулардан ондогон адамдар набыт болду.

Дагы караңыз

Абдулазиз Закиров Кыргызстандын муфтийи болуп шайландыКара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылдыОрусиялык активист президент Путинге каршы "нацизмди актаганы үчүн" арыз жаздыКыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөтОрусияда укук коргоочу Бахрам Хамроев айып тергөө абагына камалды