Абдулазиз Закиров Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды

Абдулазиз Закиров

Кыргызстан дин мусулмандар башкармалыгына Абдулазиз Закиров төрага болуп бекитилди.
Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болуп бекитилди.

45 жаштагы Абдулазиз Закиров Базар-Коргон районунда туулган. Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган. Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда билим алган. Укук-бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Буга чейин Аламүдүн районундагы "Абу Бакр ас-Сыддык" медресесин жетектеген. Чүй облустук мусулмандар казысынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы жумуштарында иштеген. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Муфтияттын басма сөз кызматы Абдулазиз Закиров араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөй турганын билдирди.

Мурдагы муфтий Замир Ракиев 26-январда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат. Замир Ракиев муфтий болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Замир Ракиев коррупция боюнча жоопко тартылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго ыраазычылык кат бергени, аны муфтияттын жаңы имаратын курууга аралаштырганы сынга кабылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Кара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылдыОрусиялык активист президент Путинге каршы "нацизмди актаганы үчүн" арыз жаздыАкылбек Жапаров түрк ишкерлерин кен казууга инвестиция салууга чакырдыОрусияда укук коргоочу Бахрам Хамроев айып тергөө абагына камалдыКыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөт