Бишкек жылуулук борборундагы кырсыктын себеби жана кесепети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Соңку беш жыл ичинде Бишкектин жылуулук электр борборунда эки жолу авария болуп, шаар тургундарына ысык суу, жылуулук берилбей калды. Тиешелүү жетекчилер 2018-жылкы биринчи кырсыкта, быйыл да суук түшкөнгө чейин ЖЭБге байма-бай каттап, стратегиялык өндүрүш кышка даяр экенин айтышкан эле. 2018-жылдагы окуядан кийин өкмөт башчылардан тартып бир нече жетекчи соттолгон. 2-февралдагы жарылуу  боюнча да кылмыш иши козголду.