Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом өлчөмүндө бекитилиши пландалып жатканын шаар мэри Эрнисбек Ормоков билдирди. Былтыркысы 819,4 млн сомду түзгөн.
Бюджетти көтөрүү пландалып жатканы тууралуу калаа башчысы 8-февралдагы жыйында айтты.
Былтыр августта президент Садыр Жапаров өлкөдөгү реформанын алкагында Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилип, ага 2 миллиард сом бөлүнгөнүн бул калаага иш сапары менен барганда билдирген.
Ал ошондой эле Жалал-Абаддын башкы планы өзгөрүп, аймагы кеңейтилерин, шаардан түрмө жана аэропорт сыртка чыгарылып, ордуна жаңы имараттар салынарын белгилеген.
Былтыр августта Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаков атындагы парк ачылган.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө кармалган дарыгерлер үй камагына чыгарылдыБританияда иштөөгө 7 саатта 26 миңден ашык кыргызстандык арыз бердиАлагөзов президенттин атын жамынган коммерциялык жалган жарыяларга ишенбөөгө чакырды