Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

Ысык-Көлдө кармалган дарыгерлер үй камагына чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу кармалган Ак-Суу районунун үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун үч дарыгери райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Педиатр, реаниматолог, ординатор Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Облусттук милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын тургуну арыз менен кайрылып, Ак-Суу районунун үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арызда 2023-жылдын 25-июлунда кызы ичи ооруп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылганы, алар дары жазып беришкени жазылган. Кыздын ден соолугу начарлап, эртеси Ак-Суу дарыгерлер практикалык борборуна келгенде аны реаниматолог карап кайра дары жазып үйүнө жөнөткөн. Эртеси кайра аталган ооруканага келгенде жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери кызды бейтапканага жаткырган. Маркум кыз ал жактан да эс учун жоготуп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жөнөтүлгөн. 31-июлда кыз Улуттук госпиталга которулуп, 5-сентябрда каза болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында кыз ачуу салатка ууланганы аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза кыздын өлүмүнө тамактан ууланышы себеп болгонун тастыктаган.

Дарыгерлердин аракетине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен дарыгер-педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. 7-февралда кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган дарыгерлердин бөгөт чарасын Ак-Суу райондук соту карап, үй камагына чыгарган. Тергөө уланып жатат.

Окуя тууралуу Ак-Суу районунун үй бүлөлүк дарыгерлер борбору жана шек саналып жаткан медицина кызматкерлери комментарий бере элек. (AsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG