АКШда Израилге өзүнчө жардам тууралуу мыйзам колдоо тапкан жок

Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Майк Жонсон бүгүнкү добуш берүүдөн кийин.

АКШда Израилге өзүнчө жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Бүгүн 7-февралда Конгресстин Өкүлдөр палатасында республикачылар иштеп чыккан бул долбоорго 250 «макул», 180 «каршы» деп добуш беришти. Бирок анын кабыл алынышы үчүн «макул» дегендер жалпы добуштардын кеминде үчтөн бири болушу зарыл эле.

Республикачылардын мындай сунушун Өкүлдөр палатасындагы алардын өзүлөрүнөн тышкары 46 демократ да колдоду, ошол эле учурда 14 республикачы жана демократтардын көбү каршы чыгышты.

Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Израилге 17,6 миллиард доллар бөлүп берүү тууралуу мыйзам долбоорну иштеп чыгышканы өткөн аптада белгилүү болгон.

Бирок президент Жо Байдендин администрациясы ага каршы чыгып, Израилге жардам Украина жана башка максаттарга жалпысынан 106 миллиард доллар бөлүү тууралуу былтыр октябрда сунуш кылынган мыйзам долбоорунда камтылганын, ошону кабыл алуу керек экенин билдирген.

4-февралда АКШ Конгрессинин Сенаты өлкөнүн өзүнүн чек арасын коргоого, Украина менен Израилге жана башка союздаштарга аскердик жардам көрсөтүүгө 118 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору Сенаттагы эки партиянын тең өкүлдөрүнүн колдоосун тапканын жарыялаган. Ага ылайык, 60 миллиард долларды Украинага жардамга, 14 миллиардды Израилге, 20 миллиарддан ашуун акчаны АКШнын Мексика менен чек арасынын коопсуздугун камсыз кылууга, 5 миллиардга жакынын өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүн колдоого, 2,5 миллиарддай долларды Кызыл деңиздеги коопсуздук операциясына жана ошончо эле акчаны АКШын Борбордук командачылыгына бөлүп берүү сунушталууда.

Ал эми Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Майк Жонсон Сенатта макулдашылган бул мыйзам долбоорундагы чаралар жетишсиз экенин, келечеги жоктугун айтып, ал четке кагыларын билдирген.

"Бул текст биз күткөндөн да начар экен", – деп жазган ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Талашка негизги себеп республикачылар менен демократтардын Мексика менен чек араны бекемдөө маселесиндеги пикир келишпестиги болууда. Республикачылар Украинага кошумча жардам маселеси чек арадагы миграциялык саясат күчөтүлгөндө гана талкууланышы мүмкүн деген шарт коюшкан.

Израил былтыр октябрда ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) чабуулуна кабылып, 1200 адамдын өмүрү кыйылган окуядан бери Газа секторунда аскердик операциясын жүргүзүүдө. (RK)

Дагы караңыз

"Шовинисттик саясат тарыхтагы кандуу окуяларды жазууга тыюу салган" ЕККУ кыргыз бийлигине «чет элдик өкүл» мыйзамынын кесепетин эскерттиАбдыкадыров: “Асманды” кура турган инвесторлор кармалып жатат Газа: Ок атууну токтотуу үчүн коюлган шарттар ишке ашабы?