Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Газа: Ок атууну токтотуу үчүн коюлган шарттар ишке ашабы?


Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаары жөөт армиясынын бомбалоосунан кийин, 5-февраль, 2024-жыл.
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаары жөөт армиясынын бомбалоосунан кийин, 5-февраль, 2024-жыл.

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал уюму Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушуна өз жообун берди. Катардын бийлиги аны оң жоопкатары мүнөздөдү. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаняху ХАМАС койгон шарттарды четке какты.

6-февралдын кечинде АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюму ок атышууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушуна өз жообун бергени маалым болду. Бул тууралуу Катардын өкмөт башчысы Шейх Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани билдирди.

“Биз туткундарга байланыштуу макулдашуу боюнча ХАМАСтын жообун алдык. Анда кандайдыр бир комментарийлер бар, бирок жалпысынан оң жооп болду”, - деди ал.

7-октябрга караган түнү Тель-Авивге барган Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ХАМАСтын жообун Израилдин расмий өкүлдөрү менен талкуулааганы маалым болгон.

Ал эми АКШнын президенти Жо Байден Израил бийлиги үчүн ХАМАСтын сунуштарына макул болуу кыйынга турарын боолгоду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман. 5-февраль, 2024-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман. 5-февраль, 2024-жыл.

Ок атууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушу

Катар, Египет жана АКШ Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча январь айынын соңунда Парижде макулдашууга жетишип, тараптарга сунуштаган.

“Рейтерс” агенттиги палестин аткаминерлерине шилтеме жасап кабарлагандай, жаңы макулдашууга ылайык, ок атышууну токтотуу жараяны эки баскычтан турат.

Алгачкы баскычта согуш 40 күнгө токтотулат. Бул убакыт аралыгында ХАМАС радикал уюму туткундагы 100дөй кишини бошотушу зарыл.

Кийинки баскычтарда жөөт аскерлеринин жана туткунда жатып каза болгондордун сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүү каралган.

Газа: ХАМАС ок атууну токтотуу сунушуна өз жообун берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

ХАМАСтын жообу

Ошол эле “Рейтерс” агенттиги жазгандай, өз жообунда ХАМАС радикал уюму Газа тилкесиндеги ок атышууну төрт жарым айга токтотууну сунуштаган. Анда барымтадагы баардык туткундарды бошотуу, Израил Газа тилкесинен өз армиясын чыгарып кетиши жана согушту толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү каралган.

Азырынча Израилдин бийлиги реакция жасай элек. Буга чейин расмий Тель-Авив ХАМАС толук жок болмоюнча, Газа тилкесинен аскерлерин чыгаруудан баш тартып келген.

Барымтада каза болгондор

Ал арада Израилдин армиясы жоочулардын барымтасындагы 31 туткундун өлгөнүн ырастады. Буга чейин расмий Тель-Авив ХАМАС туткунда 130 киши бар деп боолгоп жатышкан.

Ал арада Израилдин армиясы жоочулардын барымтасындагы 31 туткундун өлүмүн ырастады. Буга чейин расмий Тель-Авив ХАМАС туткунда 130 киши бар деп боолгоп жаткан.

"Израил армиясы бул оор жана кыйын күндөрдө туткундагылардын жакындарын колдоп келет. Ал эми биздин өкүлдөр алардын барымтадагы туугандары тууралуу ырасталган маалыматтарды жеткирүүдө. Биз 31 үй-бүлөгө туткунга түшкөн жакындары каза болгонун айттык. Биз барымтадагыларды үйлөрүнө кайтаруу боюнча шарттарга жетишүү аракеттерин көрүүнү улантуудабыз", - деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Дэниел Хагари.

Буга чейин The New York Times (NYT) басылмасы жөөттөрдүн чалгын кызматынын купуя документине таянып, кеминде 30 туткун каза болгонун жазган. Маалыматка караганда, алардын айрымдары жоочулар Израил аймагына кол салган маалда өлтүрүлүп, кийин сөөктөрү Газа секторуна жеткирилген. Алардын өлүмү ошол маалда ырасталбагандыктан, туткундардын тизмесине кирип калган. Басылма жазгандай, башкалары алган жараатынан өзүнө келбей жан беришсе, кээ бирөөлөрү жоочулардын колунан көз жумган.

Times of Israel басылмасынын маалыматына караганда, ХАМАС радикал уюму Израилге кол салган маалда 253 кишини барымтага алган. Былтыр ноябрда тараптардын ортосунда 10 күнгө созулган ок атышууну токтотуу жараянынын алкагында 105 туткун бошотулган. Израилдик аскерлер бир туткунду куткарып калышкан.

ХАМАС радикал уюму Израилдин конуштарына 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүргөнү маалымдалган. Израил аталган уюмга согуш жарыялап, Газа тилкесиндеги аскердик операциясын баштаган. Бул убакыт ичинде ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 27 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG