Таласта катуу шамал мектептердин чатырын учуруп кетти

Шамал учурган чатыр. Талас. 7-февраль, 2024-жыл

7-февралда катуу шамал Талас районунун Осмонкулов айыл аймагындагы айрым имараттардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эмил Курманбаев билдирди.

Учурда шамалдын кесепеттери жана чыгымдары такталууда.

Осмонкулов айыл өкмөтүнөн билдиргендей шамал Ак-Коргон айылындагы бир нече үйдүн жана мектептин чатырын учурган. Ошондой эле Талды-Булак айылындагы М.Туйтунов атындагы орто мектебинин бир нече чатырын учуруп кеткен.

7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскерткен. (MKt)

Дагы караңыз

Орусияда согуш жөнүндө "туура эмес айткандардын" мүлкүн тартып ала башташатКараколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Абдыкадыров: “Асманды” кура турган инвесторлор кармалып жатат Шаардык сот Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту"Селсаяк деп карашкан эмес". Эл артистинин жубайы кайдыгерликтен каза тапты