Орусияда согуш жөнүндө "туура эмес айткандардын" мүлкүн тартып ала башташат

Федерация Кеңеши.

Орус парламенти Федералдык Жыйындын төмөнкү палатасы Федерация Кеңеши да саясий беренелердин негизинде соттолгондордун мүлкүн тартып алуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Бүгүн 7-февралда долбоор жогорку палата Мамлекеттик Думада бир добуштан кабыл алынган сыяктуу эле Федерация Кеңешинде да жапырт макул деген добуш менен жактырылды.

Мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин орус армиясы тууралуу «фейк маалымат тараткан, аскерден качкан, буйрукту аткарбай койгон, туура эмес уюмга мүчө болгон» деген жүйө менен соттолгондордун мүлкү конфискацияланат, мурда мамлекеттен алган ардактуу наамдары жокко чыгарылат.

Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексиндеги тийиштүү беренелердин көбү Орусия Украинага кол салгандан кийин киргизилген же мурдагыдан катуулатылган. Бирок ошол эле кодексте мүлк адам кылмыш жасаган же кылмыш жасоо үчүн колдонулган учурда гана конфискация болору жазылган.

Орусиянын сот органдары «фейк» деп Украинадагы согуш тууралуу орус Коргоо министрлиги жарыялаган маалыматка дал келбеген, аны жокко чыгарган мазмундагы кабарларды, маалыматтарды, билдирүүлөрдү аташат.

"ОВД-Инфо" уюмунун маалыматына караганда, Орусияда согушка каршы позициясыүчүн кеминде 830 кишиге кылмыш иши ачылган. (RK)

Дагы караңыз

Абдыкадыров: “Асманды” кура турган инвесторлор кармалып жатат Юстиция министринин орун басары “ЖМК мыйзамы” “Орусиядан көчүрүлгөн” деген айыптарга жооп бердиАКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго кат жолдодуШаардык сот Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту