Байден Конгрессти Украина үчүн жардам каралган мыйзам долбоорун колдоого чакырды

Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Конгрессти Украина үчүн 60 миллиард долларлык суммага жардам каралган мыйзам долбоорун колдоого чакырды. 6-февралдагы кайрылуусунда ал мыйзам долбооруна Кошмо Штаттардын чек арасындагы миграциялык көзөмөлдү күчөтүү тууралуу жоболор киргенин айтты жана мындай реформа “эң чынчыл жана гумандуу” экенин белгилеп, ал өлкөнүн чек арасын бекемдей турганын белгиледи.

«Маселе Украина менен гана чектелбейт. Эгер биз Путиндин бийликке жана Украинаны көзөмөлгө алууга карай умтулуусун токтотпосок, ал Украина менен гана чектелип калбайт. Мунун кесепети АКШ үчүн да, биздин союздаштарыбыз үчүн да оор болот. Тарых баарына күбө. Украинаны азыркы кыйчалыш абалда колдобой коюу эч качан унутулбайт», - деди Байден.

Мыйзам долбоорунда Израилге жана Тайванга жардам берүү үчүн каражат бөлүү да каралган.

Байден долбоор саясий басымга кабылып жатканын кошумчалап, бул үчүн мурдагы перзидент Дональд Трампты айыптады.

"Бул мыйзам долбоору Сенаттын кароосуна чыгарылбай да калышы ыктымал болууда. Эмне үчүн? Себеби жөнөкөй: Дональд Трамп, – деди Байден. – Анткени Дональд Трамп бул ал үчүн саясий жактан алып караганда жаман деп эсептейт".

Сөз 5-февралда АКШ Конгрессинин Сенатындагы демократтардын да, республикачылардын да колдоосун тапкан мыйзам долбоору тууралуу болууда. Байдендин администрациясы мунаса табуу үчүн сенаторлор менен бир нече ай иштеди. Республикачылар бул документке миграциялык саясатты кыйла катуулаткан нормаларды киргизүүнү талап кылышкан.

Ал эми Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Майк Жонсон Сенатта макулдашылган мыйзам долбоорундагы чаралар жетишсиз экенин, келечеги жоктугун айтып, ал четке кагыларын билдирген.

"Бул текст биз күткөндөн да начар экен", – деп жазган ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Өкүлдөр палатасындагы республикачылар добушка Израилге гана жардам тууралуу мыйзам долбоору коюларын айтышкан.

Ак үй андай мыйзамга вето коёрун жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо мыйзамы биринчи окуудан өттүГрузияда жер көчкүдөн төрт кишинин өмүрү кыйылдыКомага түшкөн улакчы. Көк бөрү качан коопсуз оюнга айланат?Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат