Евробиримдик жана МАГАТЭ башчылары Киевге барышты

Жозеп Боррел.

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башкы өкүлү Жозеп Боррел жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси бүгүн 6-февралда иш сапар менен Украинанын борбору Киевге барышты.

«Орусия кол салгандан берки төртүнчү сапарым менен Киевге келдим. Украинанын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, Евробиримдиктин бекем колдоосун билдирем», - деп жазды ал X (Twitter) социалдык түйүнүнө.

Өткөн аптада Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн бир добуштан колдогон чечимине ылайык, Украинага төрт жылга 50 миллиард евро бөлүнөт. Расмий Киев бул акчанын 4,5 миллиардын кийинки айда алууга үмүттөнүп жатканын билдирген.

Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен каражат кийинки айдан тартып бөлүнө баштай турганын тастыктаган.

МАГАТЭнин жетекчиси Рафаэл Гросси Украинанын жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүү жүргөнүн, бир катар орчундуу маселелер талкууланганын айтты.

Бул уюм Запорожьедеги атомдук электр станциясынын аймагындагы атышуу ядролук кырсыкка алып келиши ыктымал деген кооптонуусун билдирген жана объектини тейлеген кызматкерлер мурда 12 миң болсо, азыр 2-3 миңи гана калганы кооптуу кыскартуу экенин белгилеген.

Аталган станцияны Орусия басып алып, анда иштеген украин адистеринин баарын чыгарып жиберген, МАГАТЭнин инспекцияларына да чектөө койгон окуялар катталган. (RK)

Дагы караңыз

6-февраль: ЖМК жөнүндө талаштуу долбоор, эки журналисттин соту, британ падышасынын дартыСогушту жана Кремлди сындаган орус жазуучусу Акунинди камоо тууралуу чечим чыктыСерб Республикасынын президентинин иши сотто карала баштадыАзия кубогу: Катардын дымагы, чемпиондукту эңсеген Иран