Украинада Орусиянын ракеталык чабуулунан эки айлык ымыркайдын өмүрү кыйылды

Золочев кыштагында талкаланган мекеме.

Украинада 6-февралга караган түнү Орусиянын чабуулунан Харьков облусунда эки айлык ымыркайдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Сокку С-300 ракетасы менен урулганы, Золочев кыштагында үч кабаттуу мейманкана талкаланганы, урандылар астынан ымыркайдын сөөгү табылганы, түрдүү жараат алган үч аял ооруканага жаткырылганы, алардын бири баланын 21 жаштагы апасы экени, анын абалы орточо оор деп бааланып жатканы маалымдалды.

Ошол эле айылда жеке үйлөр, жарандык инфраструктуранын 19 объектиси, административдик имараттар, машиналар талкаланганы кабарланды.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, соңку суткада фронтто 126 жерде кагылышуу болду, алардын эң көбү Авдеевка жана Марьинка багыттарында катталды, ал жакта 71 соккунун мизи кайтарылды.

Мекеме билдиргендей, бир күндө Орусия 1020 аскеринен айрылды, жалпысынан бул өлкөнүн Украинанын аймагында согуш баштагандан бери каза тапкан аскерлеринин саны 390 миңден ашканы маалымдалды.

Орусия да, Украина да согуштагы өзүлөрүнүн жоготуулары тууралуу маалымат беришпейт. Москва акыркы жолу бир жыл мурда билдирүү жарыялаган, Киев согуш аяктагандан кийин гана жарыялай турганын билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда УКМКнын академиясы ачылатУКМК: Кочкордогу базар ээси курал-жаракты мыйзамсыз сактаганМадумаровдун иши боюнча 34 күбө суралды“Баламды коңшунун уулу кордоду”. Бүтпөгөн сот, адилеттик издеген эне