Электрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлду

Кыргызстанда электрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев демилге кылган документте өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салуу маселеси жазылган.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекс менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-февралдан коомдук талкууга чыгарылды.

Депутат электрондук тамеки чеккендерге 4 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салууну, саткан жарандарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 6500 сом айып чегерүүнү сунуштады.

Кыргызстандын аймагына электрондук тамеки алып кирүүгө тыюу салууну демилге кылды. Мыйзам бузгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынган.

Дагы караңыз

Медиа уюмдар Ташиевге кайрылып, 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга чакырдыЖанар Акаев “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айттыЖылуулук борборундагы кырсык кайталанбайбы?