Орусияда камакта отургандарга жардам берүү менен алектенип келе жаткан «Русь сидящая» фондунун юристи жана «Статус» укуктук жардам борборунун негиздөөчүсү Алексей Федяров кармалды. Замоскворецкий райондук сотунун сайтындагы 5-февралдагы маалыматка караганда, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “пара алууга көмөктөшүү” деген беренесинин негизинде айып тагылып, үй камагына алынды.
Ушул эле кылмыш иши боюнча Тергөө комитетинин мурдагы тергөөчүсү, азыр Федяровдун фондунда иштеп жаткан Андрей Золотухин да суракка чакырылып жатканы маалымдалды.
Федяров орус бийлигине сын көз караштагы режиссёр, соттолуп, кийин өлкөдөн чыгып кеткен Кирилл Серебренниковдун жактоочусу болгон. Ал Орусиянын тергөө органдарын жана сот системасын сындап жүргөн.
Төрт ай мурда Орусиянын Юстиция министрлиги абактагылардын укугун коргоо менен алектенип келе жаткан «Россия за решеткой» коомдук уюмунун негиздөөчүсү жана башчысы Ольга Романованы чет элдик агент деп тааныган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте мектеп, бала бакча 7-февралдан тартып иштей баштайтОш шаардык сотунун эки судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеттиВенгриянын парламенти Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча маселени карай албай калдыОшто ондогон жаран жаңы батирлерге кире албай жатат