Херсондо Орусиянын чабуулунан төрт киши каза болду

Херсон.

Украинада бүгүн 5-февралда Орусиянын артиллериялык соккусунан төрт жай тургундун өмүрү кыйылганын өлкөнүн ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарына чабуул жасап, төрт киши каза болду, дагы бир киши жараат алды.

Министр Москва Украинанын түштүгүндөгү жай тургундар жашаган райондорго чабуулдарын күчөткөнүн, өткөн аптада бул аймакта соккулардын интенсивдүүлүгү ага чейинки апталарга салыштырганда 15% көбөйгөнүн, натыйжада онго жакын өмүр кыйылганын, бир апта ичинде эле жарандык райондорго 1500 жолу сокку урулганын айтты.

"570тен ашуун калктуу пунктка чабуул коюлду, анын көбү Запорожье облусунда катталды", - деди Клименко.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан көп өтпөй Херсонду ээлеп алган жана «Херсон облустук аскердик-жарандык администрациясын» түзгөн, ноябрь айында орус аскерлери аймактан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошондон бери Орусия Днепр дарыясынын чыгыш жээгинен бул шаарды артиллериялык жана ракеталык куралдан аткылап, адамдарын жана инфраструктурасын бутага алып келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Дүйшөмбү: Кыргыз-тажик чек арасынын 90% сүйлөшүлдүБеларуста мурда полицияда иштеген беш киши камакка алынды"Грэмми": Тейлор Свифттин жаңы рекорду, "Барбинин" жеңишиКечки Азаттык (3-чыгарылыш)