Ош шаардык сотунун эки судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Ош шаар сотунун имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңешинин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, 2-февралда Ош шаардык сотунун судьясы Нурлан Малдыбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жана ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арызы каралды. Соттор кеңеши Ош шаардык сотунун дагы бир судьясы Нурлан Султаналиевди өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ээлеген кызмат ордунан отставкага кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Былтыр күзүндө Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязованы, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевди жана Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын бир катар судьяларды жоопко тартуу өтүнүчү четке кагылган.

Соттордун дарегине сын 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылынын тургунун мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактагандан кийин күчөгөн. "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган кылмышка шектүүнү Сокулук райондук соту үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу менен эркиндикке чыгарып жиберген. Башкы прокуратура Чүй облустук сотунун үч судьясын "апелляциялык арызды кароону кечиктиргени үчүн үрөй учурган окуя болду" деген жүйө менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга сунуш берген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Грэмми": Тейлор Свифттин жаңы рекорду, "Барбинин" жеңиши11 журналист 13-мартка чейин абакта калды Казакстанда өкмөт толук курамда иштен алындыЫсык-Көлгө куйган суулар 70% азайдыАкылбек Жапаров Санариптик кодекс жыл соңуна чейин кабыл алынарын айтты